10:36, 02 сентября 2020, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл районунда эс алып жаткан 17 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, 1-сентябрь күнү Бостери айылында жайгашкан «Талисман» пансионатында 2003-жылы туулган бала көлгө чөгүп кетти.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын № 31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.