Баткенде күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды

10:24, 02 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, жер титирөө Баткен районунун Ак-Татыр айылында 4 балл, Үч-Дөбө, Рават жана Самаркандек айылдарында 3,5 балл, Лейлек районунун Кара-Суу айылында 3 балл, Баткен шаарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.