Кыргызстандык «Кайыкта» кыска метраждуу тасмасы Даниядагы эл аралык кинофестивалда байгелүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Фестиваль 24-30-август күндөрү Даниянын Оденсе шаарында болуп өттү.
Сынакта режиссер Байзак Маматалиевдин «Кайыкта» тасмасы «Мыкты сценарий» сыйлыгын алды.