Кыргызстандык «Кайыкта» тасмасы Даниядагы эл аралык кинофестивалда байге алды

17:19, 01 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык «Кайыкта» кыска метраждуу тасмасы Даниядагы эл аралык кинофестивалда байгелүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль 24-30-август күндөрү Даниянын Оденсе шаарында болуп өттү.

Сынакта режиссер Байзак Маматалиевдин «Кайыкта» тасмасы «Мыкты сценарий» сыйлыгын алды.