Ата-энелерге эскертүү. Мектепке барган балаңызды талапты сактоого үйрөтүңүз

13:19, 01 сентября 2020, Бишкек - 24.kg

Бүгүн мектептер 1-класстын окуучуларына эшигин ачты. Өлкө боюнча 156 миң 430 окуучу билим босогосун аттады.

Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык уюмдар менен бирге мугалимдерге жана ата-энелерге маалымдама жарыялады. Анда окуу мекемесинде санитардык талаптар аткарылып, балдар бет кап тагынып, аралыкты сакташы керектиги айтылат.

Ата-энелерге балдардын саламаттыгына дыкат карап, жакшы тамактандырып, эс алуусун убакыт бөлүү сунушталат.