14:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ырчы Бек Борбиев үгүт иштерин мөөнөтүнөн эрте баштаганы үчүн айып төлөйт

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу ырчы Бек Борбиевди шайлоо кампаниясын бузду деп тапты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Алардын айтымында, ырчы Бузуулар кодексинин 44-беренеси боюнча күнөөлүү. Ага 7,5 миң сом айып салынды.

Белгилей кетсек, ырчы социалдык тармакта «Мекеним Кыргызстан» аталышындагы ырды жайгаштырган. Анын айтымында, ырды өз калоосу менен жазып, аткарды. Роликте саясый уюмдун логотиби колдонулду.

Белгилей кетсек, үгүттөө расмий түрдө 40-сентябрда башталат. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар