Жогоку Кеңеште жаңы депутат пайда болду

17:51, 30 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын парламентинде жаңы депутат пайда болду. Бул тууралуу чечим бүгүн БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, пневмония илдетинен улам көз жумган экс-спикер Чыныбай Турсунбековдун ордуна Сталбек Молдалиев мандат алды.

Ачык булактардын маалыматына караганда, Сталбек Молдалиев жеке ишкер. Ага текстиль өндүрүү боюнча ЖЧК таандык экендиги белгилүү болду.