Бишкектин Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан үй өрттөнүп кетти

16:05, 30 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте турак үй күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, өрт боюнча чалуу саат 15:17де келип түшкөн. Өрт чыккан жерде үч өрт өчүрүү күчү тартылган.

Күбөлөрдүн биринин айтымында, «Людмила» деген кафеден өрт чыккан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттөн жабыркагандар жок.