Майк Тайсон Конор Макгрегор менен күч сынашууга даяр экенин билдирди

12:33, 30 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Майк Тайсон ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен күч сынашууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Майк Тайсон менен Конор Макгрегордун беттешүү эрежелери бири-бирине дал келбейт.

«Эгерде биз бокстун эрежелери боюнча беттешкенде Конордун сазайын бермекмин», — дейт Майк Тайсон.

Эске сала кетсек, көп жылдык тыныгуудан соң Майк Тайсон профессионалдык рингге кайтары айтылган. Ал дүйнөнүн мурунку чемпиону Рой Джонс менен 2020-жылдын 12-сентябрда күч сынашат. Беттеш Американын Калифорния штатында өтөт.

Майк Тайсон 2005-жылдан бери ринг аянчасына чыга элек. Ал өзүнүн карьерасы боюнча 58 жолу рингге чыгып, 50 жолу утушка ээ болгон.