COVID-19. Бир суткада 17 адам вирус жана пневмониядан каза тапты

11:35, 30 июля 2020, Бишкек - 24.kg

COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 17 киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, Бишкек шаарында— 9, Чүй облусунда — 2, Нарын облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 4 бейтап кайтыш болду.

Март айынан бери вирус жана пневмониядан жалпы 1 миң 364 киши көз жумду.