«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон өлкө жарандарынын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.
Маркумдарга багышталып Куран окулду.
Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышты.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 27-июлунда «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу» Жарлыкка кол койгон.
Коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасында жайылышы менен бул илдет өлкөнүн көптөгөн жарандарынын өмүрүн алып кетти.
Аза күтүү күнүндө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тиешелүү иш чаралар болуп өтөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.