Жалал-Абадда түнкү стационар ачылды

18:23, 29 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абадда түнкү стационар ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, оорукана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт залында жайгашкан.

Анда 20 орун бар. Стационарда сегиз дарыгер 20.00дөн 8.00гө чейин иштейт. Бүгүнтөн баштап оорукана бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Түнкү стационарга жергиликтүү бийлик 5 кычкылтек концентраторун жана 15 коргоочу костюм тапшырган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда коронавирус жана пневмония илдеттерине чалдыккандардын саны 2 миң 858ге жетти, алардын ичинен 123 адам көз жумду.