Маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп кетүү ыктымалдыгын эске алып, чектөө чараларынын жакшы натыйжаларын сактап калуу үчүн карантиндик чектөөлөр жеңилдетилет. Этап-этабы менен айрым ишканаларга уруксат берилет. Мөөнөтүн узартуу чечимин өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.
«Казакстанда 5-июлда карантин жарыялангандан тартып коронавируска чалдыккандардын саны азайды. Туруктуу түрдө күнүнө 1500-1600 кишиден коронавирус аныкталууда. Айыккандар, тез жардам кызматына кайрылгандар азайып, стационарлардагы орундар 47% бошоду. 5-июлда киргизилген эки жумалык карантиндин мөөнөтү 2-августка чейин узартылган. 3-августта айрым ишканалар жандана баштайт, бирок тартип баштагыдай катуу сакталышы керек», — деп берилет маалыматта.
Эске сала кетсек, Казакстанда вирус жуктургандардын жалпы саны 86 миң 192ге жетти. Анын ичинен 793 бейтап каза болду.