14:39, 29 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда дары-дармектерге болгон муктаждык жок. Бул тууралуу пресс-конференцияда аймактагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымдады.
Ал Таш-Көмүр шаарындагы оорукананын директорунун ыктыярчыларга дары-дармек жетишсиздиги боюнча кайрылуусуна пикирин билдирди.
«Мен оорукананын директору менен сүйлөштүм, ал дары-дармектер жетиштүү экендигин айтты. Мен ага эч кимден коркпостон ачык айтуусун сурандым. Бирок анын айтымында, оорукана дары-дармекке муктаж эмес. Дарыгерлер препараттарды коронавирус илдетинин экинчи толкуну келип калса дагы деп күзгө камдап жатышат», — дейт Нурболот Мирзахмедов.
Таш-Көмүр шаарында оорукананын абалы оор экендигин жана дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар жетишсиз деп 24.kg агенттигине окурмандардын бири маалымдаган. Анын айтымында, ыктыярчылар дагы оорукананын оор абалын билишкен, бирок Таш-Көмүргө чейин жеткирип берүү оор болгон. Ал эми аткаминерлер бул маалыматты четке кагып, шаардын ооруканасында үч айга жете турган дары-дармек бар деп актанууга шашылышууда.