06:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ноокенде сот 10 жашар кызды зордуктаган кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыратты

Ноокен райондук сот 10 жашар кызды зордуктаган айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жалал-Абад облустук соттун пресс-кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 28-январында Ноокен районунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал болжол менен саат 17:00 чамасында 10 жаштагы кызы мектептен үйүнө баратканда бейтааныш жигит коркутуу менен зордуктаганын айткан. Жабырлануучу кыз милиция кызматкерлерине фоторобот түзүүгө жардам берген. Ага ылайык бир нече күндөн кийин кылмышкерди колго түшүрүшкөн.

Айыпталуучу Ноокен районунан кармалган. Ал 20 жашта, ошондой эле жергиликтүү жашоочу экени аныкталган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө жаш кыздын ич кийимдери табылган.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бирок, айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Учурда ал өкүмгө макул болбой, апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылганы маалым болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума