Базар-Коргондо дайынсыз жоголуп кеткен эки өспүрүм эже-сиңдиге издөө салынат

13:59, 29 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Базар-Коргондо эки өспүрүм кыз дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Аук айылынын тургундары 16 жаштагы Нурзада жана 15 жаштагы Нурзия Сабырбековалар 18-июлда Кочкор-Ата шаарынан үйгө барабыз деп айтып чыгышкан, бирок алар кайтып келишкен эмес.

Туугандары жана милиция кызматкерлери элден жардам сурашууда.

Нурзаданын бою: 140-, ак жуумал, көзү-кашы кара, чачы узун кара түстө. Ал кызыл көйнөк кийип жүргөн.

Нурзиянын белгилери: бою 160-, көзү-кашы күрөң, чачы сары, кыска. Ал көк көйнөк кийип чыккан.

Фото

Кыздарды көргөн, билгендер болсо 0373450544, 0553780078, 0500140006, 0770140006 номерлери аркылуу милиция кызматкерлерине кабарлап коюуну суранат.