11:28, 29 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда бир суткада 668 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында 118 жаңы учур катталса, Жалал-Абадда -115. Жалал-Абад облусунда вируска чалдыккандардын саны 2 миң 858ге жетти.
Ош шаарында — 80, Чүй облусунда — 82, Ош облусунда — 50, Талас облусунда — 24, Нарын облусунда — 15, Баткен облусунда — 27 бейтаптан вирус табылды.
Март айынан бери 34 миң 512 киши вируска чалдыкты.