17:51, 28 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусундагы жаңы дайындалган өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев, күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча мелдештердин катышуучусун жардамчы кылып кызматка алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына маалымдады.
Белгиленгендей, 2019-жылы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугуна ээ болгон Дастан Шаршеев Балбак Түлөбаевдин расмий түрдө жардамчысы болуп жумушка орношту.
«Урматту калайык, Дастан Шаршеев деген жигитти кызматчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын», — деп жазган ал.
Дастан Шаршеев 1990-жылы Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында туулган. Ал көп жылдар бою Россияда жашап, күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча жекеме-жеке мелдештерге катышкан. Профессионалдык кикбоксинг боюнча өткөн 26 мушташта 20 жеңишке жетишкен.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясынын мурдагы башчысы Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандыгына байланыштуу кызмат ордун бошоткон.