Кыргызстанда окумуштуу Мисирбек Байсубанов пневмониядан улам каза болду

14:10, 28 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Фото

Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин катчысы Мисирбек Байсубанов 65 жаш курагында пневмониядан улам көз жумду.

Ал билим берүүнүн отличниги, университеттин дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти болгон. Мисирбек Байсубанов — 1999-жылы Баткендеги аскердик кыймылдын катышуучусу болгон.

Кесиптештери аны өз кесибин чын жүрөктөн сүйгөн жогорку деңгээлдеги адис катары баалашарын билдиришти.