Азамат Дороев Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, бул буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон.
Азамат Дороев 2011-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жаңы маалыматтык технологиялар институтун аяктаган. № 89 орто мектебинде информатика сабагы боюнча мугалим болгон, аны менен катар муниципиалдык ар кандай кызматтарды аркалап келген. Ошондой эле Муниципиалдык территориалдык башкармалыгынын орун басары, райондук администрациянын аппаратынын башчысы болуп иштеген.