Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова кызматтан кетти

12:12, 28 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты мэриядан тастыкташты.

Белгилүү болгондой, Татьяна Кузнецова 2019-жылдын февраль айында вице-мэр болуп дайындалган. Ал социалдык маселелер боюнча блокту көзөмөлдөдү.

Ал 1990-жылдары мектептерде окуучуларга тарых сабагынан берип мугалимдик кесипти аркалаган. 2000-жылдары Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгында иштеген.Ошондой эле Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында эмгектенген.

Вице-мэр болуп дайындалганга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары болуп иштеген.