Белгилүү финансист Айдар Мокенов дүйнөдөн кайтты

11:32, 28 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Реалдуу сектор жана каржы жаатында белгилүү консультант Айдар Мокенов узак убакытка созулган оорудан улам 57 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын кызы Бегайым Мокенова билдирди.

Айдар Мокенов өзүн-өзү изоляциялоодо жүргөн жана туугандары аны менен алыстан байланышышкан.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн тар чөйрөдө өтөт.

Айдар Мокенов Москва башкаруу институтунун «экономист-кибернетик» адистиги боюнча аяктаган. Узак убакыт бою банк тармагында иштеген. 1999-2001-жылдары — «Кыргызалтын» ААКнын вице-президенти болгон. Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорлук кызматын аткарган. 2012-жылдан 2013-жылга чейин «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын жетектеген.