COVID-19. Бишкекте 10 бейтап, өлкө боюнча 28 киши кайтыш болду

11:25, 28 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Бир суткада өлкө боюнча COVID-19 илдетинен 28 бейтап набыт болду. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын директору Айнура Акматова билдирди. 

Коронавирус жана пневмания менен ооруган Бишкек шаарында 10, Ош шаарында 1 бейтап кайтыш болду. Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 9 өлүм катталды. 

Март айынан бери COVID жана пневмониядан каза болгондордун саны 1 миң 329ду түздү.