09:44, 28 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Он жылдан бери алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн аял Москвадан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин пресс-кызматы маалымдады.
Анын айтымында, кылмышка шектүүгө 2010-жылы Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан издөө жарыяланган.
«Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлдөрү Москва шаарынын милиция кызматкерлери менен биргеликте 1970-жылы туулган Баткен облусунун тургуну К.Д. аттуу аялдын жашаган жерин аныкташкан. Аны колго түшүргөн соң Кыргызстанга алып келишти», — деп берилет маалыматта.