Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор, «Туңгуч» театрынын директору Садыр Назаров дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабалашты.
Алардын айтымдарында, Садыр Назаров сегиз ай мурун инсульт алып дарыланган. Бирок, ден-соолугу начарлап, кечээ көз жумган.
Садыр Назаров Токтогул районунун Кара-Суу айылында 1973-жылы жарык дүйнөгө келген. Көп жылдар бою Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык универсиетинин проректору болуп иштеген.
1991-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Бишкектеги «Туңгуч» театрын жетектеген.
Анын жубайы — театрдын көркөм жетекчиси, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова.