16:17, 27 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Саламаттык сактоо уюмдары дары-дармектердин ордуна жеке коргонуу шаймандарын сатып алышкан. Бул тууралуу брифингде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди.
«Буга чейин бюджеттин дары-дармек сатып алууга бөлүнгөн каражаттары, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан мурда пландалбаган жеке коргонуучу каражат сатып алууга жумшалды», — дейт ал.
Акылбек Калыков кошумчалагандай, бул максатта дары-дармектер жана башка чыгымдарды камсыздоону кошкондо жалпы 475 миллион сом сарпталды.