Чолпон-Ата ооруканасынын реанимация бөлүм башчысы Сарбагыш Иманалиев көз жумду

14:01, 27 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Бул тууралуу Кыргыз медициналык ассоциациясы билдирди.

Дарыгерге пневмония диагнозу коюлгандыгы такталды.

Фото

«Ал профессионал адам болчу, Чолпон-Атадагы көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган», — деп билдирет бирикме.

Сарбагыш Иманалиев бүгүн эртең менен Бишкекте көз жумду. 1961-жылы туулган, 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун медициналык факультетин бүтүргөн. Ал 36 жашын медицинага арнаган.

Ал 59 жашта болчу.

24.kg маалымат агенттиги Сарбагыш Иманалиевдин туугандарына жана жакындарына көңүл айтат.