Сузакта милиция кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөргө карата рейд жүргүзүлдү

12:04, 27 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Сузак райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, эмгекке тартылуусунун жана чоңдордун көзөмөлү жок түнкү убакытта көчөдө жүрүүлөрүнүн алдын алуу максатында тиешелүү кызматтар менен биргеликте иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө 24 жашы жете өспүрүп аныкталган.

«Бул иш-чаранын алкагында 45 коомдук жайларга (дүкөн, тамактануучу жана эт сатуучу жайлар, баня), ишканаларга текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында коштоосуз түнү жүргөн 24 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Милиция кызматкерлери жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана татыктуу тарбия берүү керектигин түшүндүрүштү», — деп берилет маалыматта.

Мындан сырткары 4 өспүрүмдүн ата-энелерине материалдар топтолуп, аларга карата чара көрүү үчүн Сузак райондук администрациясынын алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын карамагына жөнөтүлгөн.