COVID-19. Бир суткада 483 жаңы учур катталды, Бишкекте — 154.

11:15, 27 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде вирус жана пневмония 483 кишиден аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Бишкекте — 154, Ош шаарында — 59, Чүй облусунда — 21, Ош облусунда — 39, Талас облусунда — 27, Нарын облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 72, Жалал-Абад облусунда — 70, Баткен облусунда — 32.

Өлкөдө вирус жуктургандардын саны — 33 миң 296.