Акылбек Осмоналиев өкмөттүн аппаратынын биринчи орун басары болуп дайындалды

09:54, 27 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Акылбек Осмоналиев өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Башка жарлык менен, ал өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Балбак Түлөбаев дайындалды. Ал буга чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеген.