Ош шаарында дагы эки күндүзгү стационар ачылды

12:11, 24 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында дагы эки күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, стационардын бири «Южный» кичи районундагы медресеге, ал эми экинчиси «Ак-Тилек» кичи районундагы № 52 орто мектептин спорт залына ачылган.

Мэрия белгилегендей, ар бир стационарга 40 орун ылайыкташтырылган. Кечээ шаар башчысы Таалайбек Сарыбашев стационарлардын шарты менен таанышып медицина кызматкерлери менен жолукту.