Өткөн суткада Кыргызстанда 42 адам вирустан жана пневмониядан көз жумду. Бул тууралуу брифингде коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаарында — 9, Ош шаарында — 9, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 4 адам кайтыш болду.
Коронавирус жана пневмония дарты менен көз жумгандардын саны 1 миң 211ге жетти.