Соцтармактардагы билдирүүлөргө ылайык, мушташ казак жана өзбек тектүү тургундардын ортосунда болгон. 11 миңден ашуун тургуну бар Шорнак айылында негизинен казак жана өзбек улутундагылар жашайт.
Полиция окуянын улут аралык жаңжал экенин четке кагып, окуяга байланыштуу төрт киши кармалып, териштирүү башталганын билдирди.
Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеотасмада мектепке окшогон имараттын жанында турган адамдарды, бети жана көйнөгү кан болгон полиция кызматкерин көрүүгө болот.
Түркстан облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, Шорнак айылынын үч тургуну ооруканага 21-июлда жеткирилген. Алардын экөө орто жаракат алышкан, өмүрлөрүнө эч кандай коркунуч жок. Үчүнчүсүнүн абалы оор деп бааланууда.