Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги кабарлады.
23-июлда Минскидеги жыйында сүйлөп жатып президент өкмөт мүчөлөрүн өз ишин жакшы аткарып, элге болуп жаткан окуяларды жакшыраак түшүндүрүүгө чакырды.
Лукашенко «Би-Би-Си», «Эркин Европа/Азаттык» радиолорун жана бир катар интернет сайттарды сынга алып, журналисттерди «массалык башаламандыкка үндөп жатышат» деп айыптады.
«Шайлоо кампаниясынын аякташын күтпөй, мыйзамдарды урматтабаса, майданга чакырышса, аларды өлкөдөн чыгарып жибергиле», — деди мамлекет башчы.
9-августка белгиленген президенттик шайлоо алдында Беларуста Лукашенконун негизги оппозициялык атаандаштары жарыштан четтетилип, кээ бирлери камакка алынды. Нааразылык акцияларды чагылдырган журналисттер да кармалууда.
14-15-июль күндөрү кармалгандардын арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматынын кабарчылары да бар. Бул күнү Антон Трофимович аттуу журналист сабалган.
Радионун президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Синделар «түз эфирди жүргүзүп жаткан кесиптештербиздин полициянын чабуулуна туш болгону — бийлик элди ишеничтүү маалыматтардан ажыратууну көздөгөнүнөн күмөн жаратпайт» деп билдирди.