17:51, 23 июля 2020, Бишкек - 24.kg
«Кыргызстан — экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүнүн өлкөсү, биз мындан ары дагы бул брендди өнүктүрөбүз. Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо күчөтүлөт», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Талас районунун Көк-Кашат айылындагы дыйкан чарбасына барган учурунда.
Чарба жетекчиси Данияр Султаналиев жалпы аянтка алманын 10 сорту, алмурут ошондой эле чие, өрүк, кара өрүк өстүрүлөрүн айтып берди. Өнүмдөрдү сактоо үчүн 150 тонналык салкын кармоочу заманбап имарат бар. Жылына 60-80 тоннадан ашык алма менен алмурут Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолот. Чарбанын жылдык кирешеси 4 миллион сомдой болот.
Сооронбай Жээнбеков жемиш бакчасын көрүп чыгып, фермердик чарбадагы көйгөйлөр тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле ишкерлер коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, өлкө экономикасы жаралган кыйынчылыктарды тез арада ашып өтүүсү жана кризистен кийин калыбына келиши үчүн иштерин улантышы керектигин белгиледи. Ал аймактарды өнүктүрүү, анын ичинде жер-жерлердеги ишкерлерди колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу токтотулбастыгына ишендирди.
«Президент өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүүгө жакшы таасир болушу үчүн аймактарда жергиликтүү бийлик ишкерлер менен тыгыз иштешип, аларды ар тараптан колдоосу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи. Өлкөнүн каржы институттарынын насыя портфелинин чоң бөлүгү айыл чарба ишканаларын колдоо үчүн аймактарга багытталарын эске салып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликти жергиликтүү фермерлерге көмөк көрсөтүүгө чакырды», — деп берилет маалыматта.