Шашылыш билдирүү! Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

15:58, 23 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Өлкөдө 24-июлунан 28-июлуна чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айымында, 24-июлдан 28-июлга чейин туруксуз аба ырайын жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертет.