05:46
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сузактагы бир тууган агасынан көз жарган окуучу кыз ымыркайдан баш тартты

Сузактагы бир тууган агасынан көз жарган 16 жаштагы окуучу кыз ымыркайдан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, учурда наристени таежеси карап жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыздын толгоосу башталганда агасы Сузактагы Октябрь аймактык ооруканага сокур ичегиси ооруп жатат деп алып келген. Ал жакта кабыл албай койгондон кийин шаардык төрөтканага барып 3 кг салмактагы наристени жарык дүйнөгө алып келген. Буга чейин анын кош бойлуу экендигин эч ким билген эмес.

«Окуучу кызды 2000-жылы туулган бир тууган байкеси 2019-жылдын октябрь айында мас абалында келип зордуктаган. Сузак райондук соту 18-июлда шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «16 жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, кыздын апасы мындан эки жыл мурун Орусияга иштегени кеткен. Ал эми сегиз бир тууган атасынын кароосунда болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума