15:02, 23 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунда 42 миңден ашык бөтөлкө мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктер кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Анын айтымында, табылган алкоголдук ичимдиктин жалпы баасы 3,6 миллион сомго бааланган. Анын ичинде алкоголдук ичимдиктерди дүңүнөн сатуу үчүн лицензияланган кампалардан «Лига Трейд» ЖЧКдан 1,1 миллион сомго 10 миң 171 бөтөлкө, «Серебром» ЖЧКсынан 2,5 миллион сом өлчөмүндөгү 32 миң 37 бөтөлкө тартылып алынды.