Стамбулдагы Ая-София мечитине арналган ырдын баш куплетин кыргыз кызы аткарды

10:43, 23 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Стамбул шаарындагы Ая-София мечитине арналган ыр жарыяланып, аны Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дагы өзүнүн социалдык баракчасында бөлүштү.
 
Ыр кыргыз тилинде, комуздун коштоосунда башталат. Аны кыргызстандан Бермет Жумабекова аткарат.
Ая-София  - алгач православ чиркөөсү болгон, кийин Осмон империясы мечитке айландырат. 1934-жылы ал музейге болот. Президент Режеп Тайып Эрдоган имараттын музей макамын мечитке өзгөрттү.