«Кызыл Аскер» районунда беш жашар кызга ыдык көрсөтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине район тургуну Акыл Осмонов билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Нарвский көчөсүндөгү № 86 үйдүн алдында болгон.
«Балдар аянтчада ойноп жатышкан. Селкинчекте олтурган кызды бир киши келип, четке алып чыгып, тизесине олтуруп, ыплас аракеттерди жасаган. Ошол жердеги адамдар аны дароо кармоого аракет кылышкан», — дейт ал.
Район тургундары шектүүнү милицияга өткөрүп берген.