«Кызыл Аскерде» беш жашар кызга ыдык көрсөткөн жаран кармалды

09:53, 23 июля 2020, Бишкек - 24.kg

«Кызыл Аскер» районунда беш жашар кызга ыдык көрсөтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине район тургуну Акыл Осмонов билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Нарвский көчөсүндөгү № 86 үйдүн алдында болгон.

«Балдар аянтчада ойноп жатышкан. Селкинчекте олтурган кызды бир киши келип, четке алып чыгып, тизесине олтуруп, ыплас аракеттерди жасаган. Ошол жердеги адамдар аны дароо кармоого аракет кылышкан», — дейт ал.

Район тургундары шектүүнү милицияга өткөрүп берген.