15:21, 22 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Шайлоочулардын алдын-ала тизмеси даярдалды. Добуш берүүгө быйыл 3 миллион 429 кыргызстандык катышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов, шайлоого барган учурда өздүк маалыматтардан ката кетсе эмне кылуу керектигин айтты.
Анын айтымында, эгер шайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен таппай жатса же ката тапса, анда ал онлайн режимде арыз менен кайрыла алат. Жазуу түрүндө арыз менен кайрылуунун кажети жок.
Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштери 4-сентябрда башталаарын партияларга эскертти. 20-августка чейин саясий уюмдар курултай өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Ошондой эле тизмелер квотанын талаптарына ылайык түзүлүшү абзел.
Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.