11:40, 22 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Өкмөт Бишкектин кайсыл тарабына оорукана курууга мүмкүн экендигин аныктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өкмөттүн аппаратынын пресс-кызматы билдирди.
Аткаминерлердин айтымында, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында жаңы оорукананы куруу иш-аракеттери каралууда. Бул аймакта оорукана куруу ыңгайлуу, ошондой эле даяр инфраструктура бар. Өлкөнүн эң керектүү объектисин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө бүтүрүү үчүн бардык чаралар көрүлөрү белгиленди.
Кечээ премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде медициналык мекемелерди куруу үчүн жер тилкелери, ошондой эле долбоорлор даярдалып жаткандыгын айткан. Бул курулушка Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги жооптуу. Ал эми ооруканаларды керектүү медициналык шаймандар менен жабдуу жана кадр даярдоо жоопкерчилиги Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылган.
Эске салсак, бийлик Ошко дагы жаңы оорукана курууну убадалады.