Азимжан Аскаров № 47 түзөтүү колониясында дарылануудан баш тартты

11:08, 22 июля 2020, Бишкек - 24.kg

№ 19 колонияда өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров симптоматикалык дарылоодон өтөт, бирок ал № 47 түзөтүү колониясынын медициналык мекемесинде дарылануудан баш тартууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, акыйкатчы институтунун эксперттери Азимжан Аскаров жаза өтөп жаткан колонияга барышып, өзү менен жана мекеменин медициналык бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөшүшкөн.

Акыркы убакта укук коргоочунун дене табы бир нече күндөн бери өзгөрүлүп, 38,5 градуска чейин көтөрүлүп, кан басымы нормадан түшүп жаткандыгын байкалган. Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери менен болгон жолугушууда Азимжан Аскаров бир нече күндөн бери температурасы көтөрүлүп жаткандыгын, муундары жабыркаганын жана тамакка табити жоголгонун тастыктаган.

Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн катышуусунда № 19 колониянын дарыгерлери аны текшерүүдөн өткөрүшкөн. Ал эми Азимжан Аскаровдун температурасын жана кан басымын өлчөшкөндө дене табы 36,9 болсо, кан басымы 100/60 болгон.

Медициналык-санитардык бөлүмү, Азимжан Аскаровго кан тамыры аркылуу глюкоза куюлуп, дене табын түшүрүү үчүн литикалык аралашма жана тамчылатма аркылуу витаминдер берилерин, аны менен катар керектүү симптоматикалык дарылануудан өтөрүн айтышты.

Абактагылардын бири дагы коронавирус илдетине карата ПЦР-тест тапшырышкан эмес. Колониянын администрациясында айтылгандай, анализ тапшыруунун эч кандай зарылчылыгы жок.

Белгиленгендей, Азимжан Аскаров дарылануу үчүн № 47 түзөтүү колониясына которулууга каршы экендигин билдирген. Анын айтымында, ал жактан дарылашпайт, эгер дары-дармектер даяр болсо № 19 түзөтүү колониясынан дарыланууга даяр. Ал эми анын жубайы керектүү медикаменттерди сатып алууга акча которот.

Бирок № 19 колониясынын медициналык бөлүмү бул мыйзамга каршы келерин жана туугандары өз алдынча керектүү дары-дармектерди сатып алып, администрация аркылуу өткөрүп бере алышпаарын түшүндүрүшкөн.

Акыйкатчынын өкүлдөрү соттолгон адам укугун коргоо иретинде алардын кеңсесине арыз менен кайрыла тургандыгын эскертти.

Буга чейин Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов 24.kg агенттигине укук коргоочудан пневмония белгилери аныкталганын, бирок ал айыгып, өзүн канааттандырарлык сезип калгандыгын айткан.

Жогорку Сот адвокаттардын Азимжан Аскаровду бошотуу жана ага карата кылмыш ишин токтотуу боюнча арызын канааттандыруудан баш тартып, бул ишке 13-майда чекит койгон.

2019-жылдын 2-декабрында Жогорку Сот бир катар эпизоддорду кылмыштан ажыратып, Азимжан Аскаровдун айрым беренелери боюнча жазасын өзгөрткөн. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө катыштыгы бар» деген айыптын негизги беренеси сакталып, ага ылайык өмүр бою эркинен ажыратылган.

Укук коргоочу 2010-жылы республиканын түштүгүндө болгон июнь коогалаңында улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкерин өлтүргөн деп айыпталган.