10:28, 22 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда өткөн суткада 44 бейтап көз жумду. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, кайтыш болгондордун жетөөдөн коронавирус таксыкталган.
Өлүм дагы Бишкек шаарында эң көп катталууда. Өткөн суткада ордо калаада 16 адам кайтыш болду, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 1.
Март айынан бери коронавирустан жана пневмониядан каза болгондордун саны 1 миң 123тү түзөт.