COVID-19. Бир суткада 1 миң 108 бейтап ооруканага кайрылды

10:19, 22 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Бир суткада республика боюнча 1 миң 108 бейтап вирус жана плевмония менен ооруканага кайрылды. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында — 324, Ош шаарында— 112, Чүй облусунда — 176, Ош облусунда — 110, Талас облусунда — 61, Нарын облусунда — 35, Ысык-Көл облусунда — 229, Жалал-Абад облусунда — 93, Баткен облусунда — 58 учур катталды.

Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 29 миң 359ге жетти.