Россиянын 120 медицина кызматкерлери Канттагы авиабазага келип конду. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы штабы билдирди.
Маалыматка караганда, 120 адис ИВЛ аппарат, кислороддук концентратор, пульсоксиметр жана башка жабдууларды алып келди.
Медиктер коронавируска каршы дарыларды дагы ала келишти.
Башкы штабдын маалыматында, Россиядан келген медиктердин алты бригадасы эки аскер госпиталында, төртөө Бишкек жана Ош шаарларында бейтаптарды кабыл алышат.