11:18, 21 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Бүгүн өлкө башчысы коронавирус жана жугуштуу пневмония менен күрөшүүдө дарыгерлерге жардам берген ыктыярдуу кыймылдын активисттери менен жолугушууда.
Кечээ белгилүү болгондой, айрым активисттер мамлекет башчысы менен жолугушуудан баш тартышкан.
«Бирге» ыктыярчылар бирикмесинин жетекчиси Айдана Оторбаева кечээ, алар саясаттан алыс экендигин жазып чыккан.
«Бирге» ыктыярчылар биримдигинин жетекчиси катары жана бардык мүчөлөрдүн атынан айтсам, эртеңки жолугушууга бизден эч ким барбайт. Биз таптакыр эле саясаттан алыспыз. Биз кандай гана болбосун саясат менен байланышууну каалабайбыз» , — дейт ал.
24.kg агенттиги Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга келе турган ыктыярчылардын тизмесин президенттин пресс-кызматынан тактады.
«Ала-Арча- резиденциясына мерчемделген жолугушуу аба ырайынын кесепетинен улам «Ак үйгө» жылдырылды.
Жолугушууга «Бирге» кыймылынын өкүлү Эльдар Шабданов, «Элден элге» журналисти Тынчтык Алтымышев, «Сүйүүнүн колдору» кыймылынын активисти Наталья Гребнева, журналист Айзада Жамгырчиева, ырчы Анжелика, «Биз барбыз» кыймылынын лидери Урмат Насыкулов, алып баруучу жана учурда активдүү ыктыярчы Эркин Рыскулбеков, микрокредиттик компаниянын башчысы Бабур Төлбаев, Кызыл Жарым Айдын өкүлү Бермет Усубалиева, «Поколение best» кыймылынын жетекчиси Нуриля Чолпонбаева, Ыктыярчы Абдурахманхаджи Муртазалиев, Жаштар демилге тобунун өкүлү Алмаз уулу Аскар келет.