Акыркы суткада өлкөдө COVID жана пневмониядан 42 адам кайтыш болду. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаарында — 9, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 3, Ош облусунда — 7, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 1 адам набыт болду.
Вирустан кайтыш болгондордун саны — 1 миң 79га жетти.