Бир сутка ичинде ковид жана пневмония менен 1 миң 108 адам ооруканага кайрылды. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министринин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаарында — 323, Ош шаарында— 124, Чүй облусунда — 122, Ош облусунда — 93, Талас облусунда — 70, Нарын облусунда — 54, Ысык-Көл облусунда — 154, Жалал-Абад облусунда — 107, Баткен облусунда- 61.
Вирус аныкталгандардын жана пневмония менен дарыланып жаткандардын саны 28 миң 251ге жетти. Анын 14 миңи 776сы сакайып чыкты.